1-июндан тарта жол эрежесин бузгандарды жаңы комплекстер каттайт. ЖКККББ түшүндүрүп берди

Кыргызстанда 1-июндан тартып жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы заманбап программалык-аппараттык комплекстер толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда жаңы технология «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, ЖКККББнын алдындагы «Техникалык багыттагы борбор» мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген.

Аталган комплекс өлкө аймагында бардык тийиштүү сыноолордон ийгиликтүү өттү. Эми ал төмөнкү эреже бузууларды адамдын катышуусуз, автоматтык түрдө каттайт:

  • белгиленген ылдамдык чегинен ашырып айдоо;
  • айдоочунун же жүргүнчүнүн коопсуздук курун тагынбаганы;
  • руль башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү же пайдалануу;
  • каршы тилкеге чыгып кетүү.

ЖКККББдан белгилешкендей, мындай заманбап заманбап технологияларды колдонуу айдоочуларды жазалоо эмес, биринчи кезекте алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, жолдордогу адам өлүмү менен коштолгон кырсыктарды азайтуу жана жарандардын өмүрүн сактоо болуп саналат.

«Жаңы программалык-аппараттык комплекстер 2026-жылдын 1-июнунан тартып республиканын бардык аймактарында иш режимине киргизилет. Бул тутум жолдордогу ачык-айкындуулукту жана тартипти камсыз кылууга шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жана жол кыймылынын катышуучуларын эрежелерди так сактоого, өзүнүн жана өзгөлөрдүн өмүрүнө коркунуч келтирбөө үчүн жолдордо өзгөчө этият болууга чакырат.

29 Май 2026 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча