Бишкек шаарында жол коопсуздугун жогорулатуу жана муниципалдык унаа жолдорунун сакталышын камсыздоо максатында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Мэриянын тескемесине ылайык, чектөөлөр үстүбүздөгү жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин күчүндө болот.
Чектөөнүн шарттары:
Бул чектөө кимдерге жайылтылбайт?
Төмөнкү жүктөрдү ташыган унааларга өзгөчө шартта жүрүүгө уруксат берилет:
“Бул буйрукту ишке ашыруу максатында Бишкектин төрт районунун акимдерине жеке жана юридикалык жактар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ал эми жолдордогу тартипти жана бул тескеменин сакталышын Милициянын кайгуул кызматы менен мэриянын Муниципалдык инспекциясы биргелешип көзөмөлдөйт”,–деп айтылат маалыматта.