Билим берүү министри мектеп окуучуларынын формасы өзгөрбөйт деди

2025-2026-окуу жылында мектеп окуучуларынын формасы өзгөрбөйт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, өзгөчө 7-класска чейинки окуучулар министрлер кабинетинин тийиштүү токтомуна ылайык, сөзсүз түрдө ак кофта же ак көйнөк, кара юбка же кара шым кийүүгө милдеттүү.

«Биз ыңгайлуу жана бирдиктүү мектеп формасын талап кылып жатабыз. Мисалы, коңшу Казакстанда да мусулмандардын дини бар, бирок аларда мектеп формасы катуу сакталып келет. Бизде да ошондой тартип болушу керек. Балдардын баары тең мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн, бири-бирин көрүп өксүп калбашы үчүн мектеп формасы бирдей болууга тийиш. Ошондуктан мектеп формасында өзгөрүү болбойт», — деди Кендирбаева.

25 Август 2025 жыл 17:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча