Президенттин Иш башкармалыгы 5-октябрда өтө турган «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземине жетим балдарга жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө 100 VIP-билет бөлүп берди. Бул тууралуу «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди.
Анын айтымында, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бул иш-чара чоң жана эсте каларлык майрам болот.
Президенттин Иш башкармалыгы маалыматты тастыктап, билеттер мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан берилерин белгиледи.
Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдар үчүн 106 жана 108-секторлор бөлүнгөн. Ал эми 138, 139 жана 140-секторлордон орундар белгилүү спортчулар үчүн каралган. Аталган секторлордо калган бош орундар стадиондун расмий баракчасы аркылуу калк арасында ойнотулат.