Бишкекте Орусиядан синтетикалык баңгизат жеткирген жубайлар кармалды

Бишкек шаарында Орусиядан синтетикалык баңгизаттарды жеткирүүнүн эл аралык каналына катыштыгы бар деген шек менен жубайлар кармалды.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, экөө тең 1995-жылы туулган М.Р.А. жана М.Е.А. аттуу жарандар почта аркылуу аба муздаткыч алышкан. Текшерүү учурунда аппараттын ичинен 1 килограмм 126 грамм Alpha-PVP баңгизаты бар брикет табылган.

Маалыматка караганда, жубайлардын үйүн тинтүү учурунда баңгизаттарды таңгактоого арналган зип-пакеттер, электрондук таразалар жана орогучтар табылган.

ИИМдин алдын ала эсептөөлөрүнө караганда, алынган партиянын кара базардагы баасы 4,9 миллион сомдон ашышы мүмкүн. Бул көлөмдү 6,8 миңден ашык бир жолку дозага бөлүүгө болмок.

Операция Кыргызстан менен Россиянын бажы жана укук коргоо органдары тарабынан биргеликте жүргүзүлдү. Тергөө жеткирүү каналынын башка ыктымалдуу катышуучуларын аныктоодо.

28 Сентябрь 2026 жыл 16:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча