27-сентябрда Кыргызстанда эки ирет жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Биринчи жер титирөө саат 03:19да орун алган. Анын күчү болжол менен үч баллга жетип, очогу Бишкек шаарынан 45 чакырым түштүк тарапта жайгашкан.
Экинчи жер титирөө саат 07:42де ошол эле аймакта катталган. Анын күчү 2,5 баллды түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.