Балыкчыда сапатсыз жасалган жолдор кайра оңдолууда

Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жолдорду реконструкциялоодо бир катар кемчиликтер аныкталып, учурда алар кайра оңдолууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. 

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын текшерүүсүндө асфальт-бетон жабуусунун жука жана сапатсыз төшөлгөнү, тротуарларда, суу өткөрүүчү курулмаларда жана суу агызуучу лотоктордо кемчиликтер бар экени аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Чу Прокси», «4 Энерджи» жана «Капитал Консалт» ЖЧКларына жалпы 105 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди подряддык уюмдардын өз каражатынын эсебинен жоюу талабы коюлган.

Учурда сапатсыз аткарылган иштер демонтаждалып, аныкталган кемчиликтер кайра жасалууда. Иштердин талаптарга ылайык аткарылышы департаменттин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

28 Сентябрь 2026 жыл 15:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча