Ысык-Көлдөн 1200 метр эски балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында жана Тоң районунда мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Чоң-Өрүктү айылынан 800 метр, Тоң районунан 400 метр тор алынды. Мындан тышкары, көлдөн 20 килограмм таштанды чыгарылды.

Рейддер суу объектилеринин экологиялык абалын сактоо, балык ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында жүргүзүлүүдө.

28 Сентябрь 2026 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча