Бишкек жана Чүй облусуна күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаары жана Чүй облусу үчүн шашылыш билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, жакынкы үч саатта жана 9-июнь күнү кечинде борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин күчөшү күтүлөт.

Тургундарга коопсуздук чараларын сактоо, жарнамалык конструкциялардын, бак-дарактардын жана туруксуз объектилердин жанында турбоо, ал эми айдоочуларга жолдордо өзгөчө кунт коюп жүрүү сунушталат.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жарандардан куткаруу кызматтарына кабарлоо суранылат.

9 Июнь 2026 жыл 18:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча