Бишкекте 21-25-октябрда айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет. Себеби

Бишкекте «АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкесине байланыштуу 21-25-октябрь күндөрү айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, чектөөлөр Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүктөрүнө, Эски аянттын Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аймагына жана Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасына киргизилет.

16 Октябрь 2026 жыл 11:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча