Жети-Өгүздө катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учуруп кеткен

Кечээ, 15-октябрды караган түнү саат 00:30 чамасында Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагында катуу шамал катталып, Ак-Терек айылында турак үйлөрдүн чатырын учургандыгы тууралуу маалымат саат 11:20да түшкөн.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын такталган маалыматына ылайык, Жаргылчак айыл аймагында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталып, Ак-Терек айылында 6 турак үйдүн, 5 чарбалык курулуштун чатырларын учуруп кеткен. Комиссия тарабынан жеринде тиешелүү жумуштар жүрүүдө. Жабыркагандар жок

16 Октябрь 2026 жыл 11:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча