УКМК Кыргызстанда психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү жана сатуу каналына бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте үч адам кармалды: чабарман, фармацевт жана схеманын болжолдуу уюштуруучусу.
Ведомствонун маалыматы боюнча, алар «Лирика» таблеткаларын жана «Тропикамид» дарысын сатып жаткан жеринен кылмыш үстүндө кармалышкан.
Учурда мамлекеттик комитет схеманын башка ыктымал катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.
