Кыргызстанга картошка импорттоого убактылуу тыюу салынды. Себеби

Министрлер кабинети Кыргызстанга картошка импорттоого убактылуу тыюу салды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 15-октябрда кол койду.

Чектөө бардык учурларга тиешелүү эмес. Тактап айтканда, Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө ташылган картошкалардын качан жөнөтүлгөнүн тастыктаган документтери болсо чектөө болбойт. Токтом күчүнө киргенге чейин расмий жөнөтүлгөн картошкаларга, ошондой эле илимий изилдөө жана сыноо иштерине арналган картошканы алып кирүүгө уруксат берилет.

Мындай чечим жергиликтүү дыйкандарды колдоо жана өлкөнүн ички рыногун өнүктүрүү максатында кабыл алган. Токтом расмий жарыялангандан үч күндөн кийин – 20-октябрда күчүнө кирет.

16 Октябрь 2026 жыл 13:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча