17-20-июль күндөрү Кыргызстанда аномалдуу ысык күтүлөт

17-20-июль күндөрү Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөрүн Кыргызгидромет билдирет.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +38…+40 градуска чейин, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде +41…+43° жогорулашы күтүлөт.

Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн көп сугаруу сунуш кылынат.

Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкө дарыяларында суунун дээңгелии көтөрүлүшү мүмкүн жана суу ташкыны коркунучу бар.

17 Июль 2026 жыл 11:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча