Бишкектин санитардык полигонунан өрт чыкты

Абанын температурасынын жогору болушуна байланыштуу Бишкек санитардык полигонунда тиричилик калдыктарынын локалдык өрт чыгуусу катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, өрт чыкканга чейин полигондун айрым жерлеринде температура 60 градуска чейин жеткен.

“Учурда тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, өрттү локалдаштыруу жана толук өчүрүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу иштин жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алып, кырдаал туруктуу көзөмөлдө”,-деп айтылат маалыматта.

17 Июль 2026 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча