Электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө байланыштуу суу алуучу курулмалардын иши убактылуу токтотулуп, анын кесепетинен шаарга таза суу берүү үзгүлтүккө учурады.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, басымды көтөрүүчү насос станциялары кол менен ишке киргизилгендиктен, электр менен камсыздоо калыбына келтирилгенден кийин суу берүү этап-этабы менен ишке киргизилет. Учурда “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын адистери жабдууларды кезеги менен иштетип жатышат.
Саат 15:30га карата суу алуучу объектилерде электр энергиясы акырындык менен калыбына келтирилип, адистер суу менен камсыздоону калыбына келтирүү иштерин башташты.
“Шаар тургундарынан жаралган кырдаалга түшүнүү жана сабырдуулук менен мамиле кылууну өтүнөбүз. Суу менен камсыздоону мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө толук калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл иштер жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.