Мээрим Жуманазарова Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик турнирде чейрек финалга чыкты.
2026-жылкы төртүнчү жана акыркы «Ranking Series» турнири ушул күндөрү Будапешт шаарында өтүп жатат.
Жуманазарова бүгүн, 17-июлда 68 кг чейинки салмак ченинде алгачкы беттештерге чыкты. Бул категорияда жалпысынан 20 спортчу катталган.
Биринчи беттеште кыргызстандык балбан Германиядан келген 2025-жылкы Европа чемпионатынын (U-20) коло байге ээси Лаура Кёлерди 8:0 эсебинде утту. Ал эми 1/8 финалда Казакстандан келген 2013-жылкы жаштар арасындагы Азия чемпиону Ирина Казюлина менен кез келип, аны туше менен жеңип алды.
Жуманазарова чейрек финалда Орусиядан келген спортчу Алина Шевченко менен күрөш килемине чыгат.