«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» мамлекеттик ишканасы Бишкекте жана ага танапташ бир катар райондордо электр энергиясынын жапырт өчүүсүнүн баштапкы себебин аныктады. Мекеме өз билдирүүсүндө авариянын өзүнүн себеби изилденип жатканын билдирди.
“220 кВ «Кара-Балта – Главная» жана «Главная – Шу» аба чубалгылары (АЧ) өчтү. Натыйжада керектөөчүлөрдү автоматтык түрдө өчүрүү тутуму (САОН) ишке кирди. Учурда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» (КУЭТ) ААК электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Технологиялык бузулуунун себептери такталууда”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн 17-июльда саат 14:00дон кийин Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде электр энергиясын берүү жапырт өчтү. Жарык бир нече жолу үзгүлтүккө учурап, кийин такыр өчкөн. Электр Чүй облусунун жана башка облустардын райондорунда да өчкөнү тууралуу маалыматтар тарап жатат.