Бишкекте бир күндө 720 миңден ашык жүргүнчү жол кирени накталай эмес ыкма менен төлөдү

Бишкекте бир күндө 720 миңден ашык жүргүнчү жол кирени накталай эмес ыкма менен төлөдү. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү зарыл.

Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдүн тартибин түшүндүрүү керектигин белгиледи.

Айбек Жунушалиевдин пикиринде, жаңы төлөм тутумун киргизүү транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, 1-июлдан тартып Бишкек шаарында жол кирени төлөөнүн альтернативдүү системасына толук өтүү күчүнө кирди.

Жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт” банктык карталары, ошондой эле QR-коддор жана башка электрондук төлөм сервистери аркылуу төлөй алышат. Бир жолку электрондук билетти колдонгондор үчүн QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.

2 Июль 2026 жыл 16:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча