9-декабрь күнү Бишкек шаарындагы Октябрь районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 20:52де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 70 чарчы метрди түзөт.
Өрт катталган аймактан 30 адам эвакуацияланды.Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө 3 күжүрмөн эсеп, автошаты жана штаб тартылган.