Кечээ түнү Бишкекте каргашалуу окуя орун алды. Анда мурдагы милиция кызматкери мурунку жубайын өлтүрүүгө шектелүүдө. Свердлов райондук милициясы учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады.
Күч органдарындагы өздүк булактардын берген маалыматына караганда, ажырашкан жубайлардын мектеп курагындагы эки баласы бар. Шектүүнүн бул төртүнчү никеси болгон.
Ал укук коргоо органдарында иштеп пенсияга чыккан, ага лейтенант наамына ээ. Пенсияга чыккан соң спорт менен алектенип, машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.
Кылмышка колдонулган тапанча шектүүнүн наамына расмий түрдө катталгандыгы аныкталды.