Бириккен Улуттар Уюму дүйнө жүзүндө миллиарддаган адамдар коопсуз ичүүчү сууга жана санитардык шарттарга жетпей жатканын билдирди. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын орун басары Нада Аль-Нашиф Адам укуктары кеңешинин жыйынында айтканын Kazinform кабарлайт.
Анын айтымында, учурда дүйнөдө 2 миллиарддан ашуун адам ичүүчү таза сууга жете албаса, 3,4 миллиард адам талапка жооп берген санитардык шарттар менен жашабайт.
БУУнун маалыматына ылайык, жыл сайын булганган суу жана санитариянын жоктугунан пайда болгон холера, ич өткөк жана ич келте сыяктуу жугуштуу оорулардан 1,4 миллионго жакын адам каза болот. Айрыкча кирешеси төмөн өлкөлөрдө бул оорулардан өлүм көрсөткүчү өнүккөн мамлекеттерге салыштырмалуу жүздөгөн эсе жогору экени белгиленди.
Нада Аль-Нашиф куралдуу жаңжалдар да суу көйгөйүн күчөтүп жатканын айтты. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү, узакка созулган кургакчылык жана катуу бороон-чапкындар суу системаларына олуттуу зыян келтирүүдө.
БУУ өкүлү бул көйгөй өзгөчө аялдарга, балдарга, майыптуулугу бар адамдарга жана жакыр аймактарда жашаган калкка залакасын көбүрөөк тийгизип жатканын белгиледи. Көптөгөн кыздар мектептерде санитардык шарттар болбогондуктан сабактан калууга мажбур болууда.
Уюмдун өкүлдөрү таза суу адамдын негизги укугу экенин белгилеп, мамлекеттерди суу инфраструктурасына көбүрөөк инвестиция салууга чакырды. Ошондой эле эл аралык уюмдар, жарандык коом жана бизнес өкүлдөрү биргелешип аракеттенүүсү керектиги айтылды.
“Суу — бул товар эмес, коомдук байлык. Таза сууга жетүү ар бир адамдын негизги укугу болушу керек”- деди Нада Аль-Нашиф.