Быйыл Кыргызстанда 1,5 миңден ашык адам кенеден жабыркаган

2026-жылдын 1-январынан 25-июнуна чейин Кыргызстанда кене чаккан 1 миң 569 учур катталды, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,7 эсеге көп. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын арасында кене инфекциясынын 17 учуру катталган, анын ичинде:

  • Кене энцефалити — 3 учур;
  • Кене риккетсиозу — 14 учур.

Кене чагуу боюнча кайрылуулардын эң көп өсүшү Бишкек шаарында (656), Чүй облусунда (480) жана Ысык-Көл аймагында (334) байкалган.

«2026-жылы кене чаккан учурлардын көбөйүшү жагымдуу климаттык шарттардан улам кенелердин мезгилдик активдүүлүгүнүн эрте башталышы, алардын жайылуу аймагынын кеңейиши, ошондой эле калктын жаратылышка жана эс алуу аймактарына көбүрөөк бара башташы менен байланыштуу болушу мүмкүн», — деп болжолдошот департамент.

29 Июнь 2026 жыл 16:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча