Бишкек шаарында 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкананын балансында 2 248 трансформатор бар. Жыл соңуна чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоодон өткөрүлөт.
«Программанын алкагында жалпысынан 38 жаңы трансформатор орнотулуп, эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордондун жабдуулары алмаштырылат. Ошондой эле шаар боюнча 278 темир-бетон мамы орнотулуп, кабелдик жана аба чубалгылары реконструкцияланат», — деп айтылат маалыматта.
Аймактар боюнча трансформаторлорду жаңылоо планы:
Пландалган бардык курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштери ушул жылдын ноябрь айына чейин толугу менен аяктайт.