Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатына катышат – тизме

Кыргызстандын бокс боюнча U-23 улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионат 1-17-июль күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өтөт.

Эркектер арасындагы улуттук курама команданын курамы:

  • Ясур Талайбек уулу – 50 кг;
  • Зафарбек Камилов – 55 кг;
  • Амантур Жумаев – 60 кг;
  • Омар Ливаза – 65 кг;
  • Алмаз Орозбеков – 75 кг;
  • Сагын Сатыбалды уулу – 80 кг;
  • Мухаммадазиз Закиров – 85 кг;
  • Мырзакир Кошалиев – +90 кг.

Команданы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жетектейт.

Ошондой эле ушул эле турнирге кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команда төмөнкү курамда катышат:

  • Нурайым Осмонова – 48 кг ;
  • Милана Шихизбекова – 54 кг;
  • Гулзина Мелисбек кызы – 65 кг.

Кыз-келиндер курама командасынын даярдыгын башкы машыктыруучу Р. Есенкулов жетектейт.

29 Июнь 2026 жыл 16:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча