30-июнга күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 30-июнда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөнүндө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +16…+21 күндүзү +28…+33

Таласта түнкүсүн +15…+20 күндүзү +26…+31

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22 күндүзү +32…+37

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17 күндүзү +24…+29

Нарында түнкүсүн +8…+13 күндүзү +25…+30

Бишкекте түнкүсүн +19…+21°, күндүзү +31…+33° болот.

29 Июнь 2026 жыл 17:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча