Бүгүн, 13-апрелден тарта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин комиссиясы протоколдук чечим кабыл алып, «Өч 2» көркөм тасмасы өлкө аймагында жүгүртүү токтотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
“Эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну кеңири талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди.
Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды.
Комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар экендиги аныкталды”,-деп айтылат маалыматта.
Ушуга байланыштуу төмөнкү чечим кабыл алынды: