Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы эки баланы сүзүп кеткен оор жүк ташыган автоунаанын айдоочусу кармалганын билдирди.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, 13-октябрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жол кырсыгы боюнча билдирүү түшкөн. Тергөөдө Кара-Балта шаарынын Чапаев көчөсүндө жүк ташуучу машиненин 69 жаштагы айдоочусу түндүктөн түштүк багыты боюнча бара жатып 7 жана 8 жаштагы эки баланы сүзүп кеткени аныкталган.
Жол кырсыгынын кесепетинен экөө тең окуя болгон жерде мүрт кеткен. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген.