Эттин баасына киргизилген мамлекеттик көзөмөлдүн мөөнөтү узартылды

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын билдирди.

Мекеме мындай чечим эттин баасынын кымбатташын, алып-сатарлык иштердин алдын алуу, калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын кабарлады.

“Эттин (уй жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) базарындагы абалды турукташтыруу, алып-сатарлык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана баанын мындан ары өсүшүнө жол бербөө максатында. Убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул чара калк үчүн социалдык маанидеги продукциянын жеткиликтүү баада болушун камсыздоого багытталган”,-деп айтылат маалыматта.

11 Ноябрь 2025 жыл 17:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча