ИИМ 12 жылдан бери качып жүргөн кылмышкерди Кыргызстанга алып келди

Кыргыз Республикасы менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен операциясынын жүрүшүндө Стамбул шаарында 12 жылдан бери укук коргоо органдарынан жашынып жүргөн 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга алып келинди.

Ал алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тарабынан адам өлтүрүү кылмышын жасаган деп айыпталууда.

Тергөөдөгү маалыматка ылайык, 2014-жылдын февраль айында Бишкек — Ош унаа жолунда чыккан жаңжалдын жүрүшүндө такси айдоочусу М.У. өлтүрүлгөн. Кылмыш жасалгандан кийин А.Ш. Кыргыз Республикасынан чыгып кетип, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.

10 Июль 2026 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча