Индиянын Жаркханд штатында акыркы бир сутка ичинде чагылгандын соккусунан кеминде 20 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун эң көбү Гиридих округунда катталып, анда 11 адамдын өмүрү кыйылган. Ошондой эле штаттын бир нече аймагын катуу жаан-чачын менен чагылгандуу аба ырайы олуттуу зыяндарга учуратты.
Индиянын Метеорология департаменти алдыдагы үч күнгө кызгылт сары деңгээлиндеги кооптуу аба ырайы тууралуу эскертүү жарыялады.
Акыркы суткада Жаркханд штатында муссондук жаан-чачын күчөп, нөшөрлөгөн жамгыр жана күн күркүрөө менен коштолду.