Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги тар курамдагы жыйыны башталды.
Жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө экономикалык-интеграциялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, сооданы өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлор жана биримдиктин алкагындагы техникалык жөнгө салуу маселелери каралат.
Белгилей кетсек, эртең жыйын кеңейтилген курамда өтөт.
Өкмөт башчылар кеңештин алкагында чогуу сүрөткө түшүштү.