Россия өзүндөгү күйүүчү-майлоочу май тартыштыгына карабастан, Кыргызстанга 100 миң тонна мунай бөлүүгө макулдугун берди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, бул маселе эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосундагы макулдашуулардын алкагында чечилди.
«Эң башкысы — тартыштык жаралышына жол бербөө. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясы бизге 100 миң тонна мунай бөлүүгө макулдугун берди. Бул — эки президенттин сүйлөшүүсүнүн натыйжасы. Өлкө башчы Садыр Жапаров тапшырма бергенден кийин биз Россияга барып, маселени оң жакка чечип келдик. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишим түзүлдү, эми ушул айдын аягына чейин күйүүчү май келе баштайт», — деди ал.