Барскоон – Бедел унаа жолунда эки тейлөө аймагы пайда болот

Барскоон – Бедел унаа жолунун боюнда айдоочулар жана жолду тейлөө үчүн зарыл болгон инфраструктура менен жабдылган эки сервистик аймак курулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине жолду долбоорлоо бөлүмүнүн менеджери Жа Чжи Чжун билдирди.

Анын айтымында, сервистик аймактарда кафе, эс алуучу жайлар, медициналык пункт, унаа токтотуучу жай, май куюучу станция жана электромобилдер үчүн кубаттоочу жабдуулар орнотулат.

«Мындан тышкары, көпүрөлөрдө жана туннелдерде жаралган мүчүлүштүктөрдү ыкчам жоюу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана шаймандар болуп, бул иштерди аткара турган адистер иштейт», – деди Жа Чжи Чжун.

Ал белгилегендей, жол боюнда айдоочулар токтоп эс алуусу үчүн жети унаа токтотуучу аянтча курулат. Ошондой эле трассада унааларды оңдоо пункттары уюштурулат.

6 Август 2026 жыл 13:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча