5-августта тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен Красная-Речка – Ысык-Ата – Курорт унаа жолунун 35-чакырымын сел суусу каптаган.
ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришкендей, кесепеттерин жоюу иштерине №43 Жол тейлөө ишканасынын грейдери тартылып, жолдун кум-шагыл баскан 100 метр аралыгы тазаланды. Жалпысынан болжол менен 200 куб метр кум-шагыл чыгарылды.
«Учурда унаа жолдогу тазалоо иштери толугу менен аяктап, жол унаа кыймылы үчүн эки тараптуу ачылды», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, селден калктуу конуштарга жана айдоо жерлерине коркунуч жаралган эмес. Окуядан жабыркагандар да катталган жок.