Иш учурунда УТРКнын «Телекүзөт» программасынын редактору Жээнбай Каракүчүков сабалып, ага кол көтөргөн киши кармалды. Бул тууралуу видео социалды ктармактарда тарады.
Маалыматка караганда окуя жарандардын кайрылуусу боюнча программа тартылып жаткан учурда болгон.
Директор мамлекеттик телеканалдын кызматкеринин сабалышы жазасыз калбашы керектигин белгиледи.
ИИМ иш боюнча текшерүү башталып, Бишкек милициясы 31 жаштагы шектүү кармалганын билдирди. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде иш козголду.
