Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кипрде бычакталган Кыргызстандын жараны Жанерке Абдразакованын абалы оор экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат. 5-августта дагы бир операция жасоо пландалууда. Ал эми 6-августта жабырлануучунун жакын тууганынын Түндүк Кипрге келиши күтүлүүдө.
“5-августта кошумча операция жүргүзүү пландаштырылган. Учурда Ж.А. жандандыруу бөлүмүндө дарыланууну улантууда. Алдын ала маалыматка ылайык, 6-августта жабырлануучунун жакын тууганынын Түндүк Кипрге келиши күтүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кол салууга шектелген адам да оор абалда болгондуктан, анын абалы жакшыргандан кийин сурак жүргүзүлөт.