Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Борбор калаанын айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» кызматынан билдиришкендей, 5-7-август күндөрү Лермонтов көчөсү, Темир жолу, Ленин көчөсү, Калинин көчөсү, Жибек жолу проспекти, ЧЧК, Энергетиктер шаарчасы, Аламедин-1 кичи району, Куруучулар шаарчасы, Учкун кичи району, Учкун калктуу конушу, Бишкек Сүт ишканасында газ өчүрүлөт.

Газ жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

5 Август 2026 жыл 15:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча