Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү ири мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө медициналык документтерге жана “Гемодиализ” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна көптөгөн жалган маалыматтар киргизилгени аныкталган.
Мыйзам бузуулар:
Кыргызстандан тышкары жүргөн, ал тургай каза болуп калган бейтаптарга гемодиализ процедурасы жүргүзүлдү деген жалган маалыматтар катталган;
техникалык жактан таптакыр мүмкүн эмес болсо да бир аппаратка бир эле убакта бир нече гемодиализ сеансы өттү деп жазылган;
айрым жеке менчик медициналык борборлор белгиленген лицензиялык кубаттуулугунан ашыкча көлөмдө кызмат көрсөтүшкөн.
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, бул мыйзам бузуулардын кесепетинен мамлекетке 226 миллион 967 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 336 (“Коррупция”) жана 348-беренелери (“Шалаакылык”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.