Жубайына жана жашы жете элек эки баласына карата зомбулук көрсөтүп келген жаранга кылмыш иши козголду

Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран кармалды.

Чүй ОИИБдин маалыматына ылайык, 3-августта шаар тургуну милицияга кайрылып, жарандык жолдошу акыркы үч жыл ичинде өзүнө жана жашы жете элек эки баласына карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, жабырлануучунун көрсөтмөсү алынган. Анын айтымында, шектүү аялды жана балдарды электр зымы жана күрөк менен сабап, денелерине залал келтирген.

Окуя боюнча жабырлануучу аялга жана анын эки баласына соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, 1988-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, иликтөө уланууда.

6 Август 2026 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча