VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» аттуу улуттук жүрүш Ош облусунун Кара-Суу районуна жетип, Өзгөн багытына жол алды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кербендин катышуучулары улуттук кийимдерди кийип, ат үстүндө жүрүш жасап, кыргыз элинин салт-санаасын жана маданий мурасын чагылдырууда. Алар өлкөнүн 40 районунан чогултулган ыйык булактардын суусун алып бара жатышат.
Долбоордун негизги максаты – өлкөнүн аймактарынын биримдигин жана ынтымагын даңазалоо. Ар бир райондон алынган суулар Ысык-Көлдө өтө турган «40 уук – бир түндүк» иш-чарасында бириктирилет.
Учурда Кара-Суу районунан өткөн кербенди райондун акими Чынгыз Бапаев жетектеп, Өзгөн районуна алып баратат.
Белгиленген программага ылайык, 6-августта Баткен облусунун Лейлек районунан жана Ош облусунун райондорунан келген кербендер Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында чогулуп, андан ары Жалал-Абад облусуна багыт алышат.
«Биримдик кербени» 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун адам катышат. Долбоор VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана биримдигин даңазалоого багытталган.