БУУ 2027-жылдын аягына чейин 50 млн адам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн экенин айтты

Эль-Ниньо климаттык кубулушу 2027-жылдын аягына чейин болжол менен 50 миллион адамды ачарчылыкка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Британиянын «The Guardian» басылмасы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына таянып жазды.

Уюмдун баамында, азык-түлүк кризисинин жаңы толкуну тамак-ашка жетүүдө олуттуу көйгөйгө дуушар болгон өлкөлөргө таасирин тийгизет. Маалыматка ылайык, учурда 45 мамлекетте болжол менен 225 млн адам курч абалда турат жана Эль-Ниньонун кесепеттери кырдаалды дагы да начарлатышы күтүлүүдө.


Эль-Ниньо — бул Тынч океандын тропикалык бөлүгүндө бир нече жыл сайын пайда болгон табигый климаттык кубулуш. Ал океандын бетиндеги температураны өзгөртөт жана дүйнө жүзү боюнча жаан-чачындын жаашын бузат. Мунун кесепетинен, кээ бир аймактар катуу кургакчылыкка, башкалары нөшөрлөгөн жамгырга жана суу ташкындарына туш болот. Бул айыл чарбасына, түшүмдүүлүккө жана азык-түлүк баасына түздөн-түз таасирин тийгизет.


Адистердин божомолу боюнча, азыркы Эль-Ниньо акыркы 70 жылдагы эң күчтүү кубулуштардын бири болушу мүмкүн.

Эң олуттуу кесепеттер төмөнкү аймактарда күтүлүүдө:

  • Борбордук жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө;
  • Кариб бассейнинде;
  • Африканын түштүк бөлүгүндө;
  • Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда.

Азияда синоптиктер жаан-чачындын аз болушун болжолдошууда жана бул айыл чарбасы үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратат. Түштүк Африкада мунун таасири 2027–2028-жылдары сезилип, азык-түлүк коопсуздугуна сокку урат.

Британиялык басылма жазгандай, климаттык факторлордон тышкары кырдаал мурунтан эле курч болгон:

  • африкалык бир катар өлкөлөрдө көп жылдык кургакчылык;
  • дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшү;
  • азык-түлүк жеткирүүгө таасир эткен геосаясий чыр-чатактар.

Мындай кырдаалга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы алдын ала эскертүү системаларын күчөтүп, муктаж аймактарга эрте гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Бул иштерге азырынча кеминде 80 млн доллар бөлүндү.

Ошондой эле дүйнөдө азык-түлүк кымбатташы мүмкүн. Эксперттердин айтымында, мунун кесепети жакыр өлкөлөргө эле эмес, башка мамлекеттерге да таасир этет. Түшүмдүн азайышынан улам дүйнө жүзүндө азык-түлүктүн баасы өсөт.

Европада фермерлер катуу ысык жана жаан-чачындын аздыгынан түшүм азайып жатканын билдиришүүдө. Ал эми соода түйүндөрү азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына даярдык көрүп жатышат.

7 Август 2026 жыл 10:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча