Кыргызстанда кыз-келиндердин ишкердигин колдоого багытталган «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын бешинчи сезонуна насаатчы жана шакирт үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Программа акысыз жүргүзүлөт жана арыздар 2026-жылдын 2-мартына чейин кабыл алынат.
Долбоор Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан FINCA Банк менен биргеликте ишке ашырылууда. Быйылкы сезон FINCA банктын кредиттик линиясы аркылуу кызматташкан, бизнес жүргүзгөн же башкарган айымдарга багытталат. Ошондой эле кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү катыша алышат.
Катышуучулар жети ай бою тажрыйбалуу ишкерлерден насаат алып, компанияларын өнүктүрүү боюнча иштешет. Программада онлайн жана оффлайн тренингдер, бизнес жолугушуулар, өндүрүш ишканаларына экскурсиялар жана практикалык сессиялар каралган.
Маалыматка ылайык, демилге 2019-жылдан бери иштеп келет. Ушул убакыт аралыгында катышуучулар 320дан ашуун жаңы жумуш ордун түзгөн. Акыркы сезондо айымдардын 60 пайызы жаңы рынокторго чыгып, 66 пайызы кирешесин көбөйткөнү белгиленди. Программа ишкер айымдардын бизнесин бекемдөөгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Программага катышууну каалагандар бул шилтеме аркылуу, арыздарын берсе болот: https://bibsh.mssg.me/