Эртең, 24-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −10… −15, күндүз 0… −5;
Талас жергесинде түнкүсүн −13… −15, күндүз 0… −2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −11… −13, күндүз 0… −2;
Нарын аймагында түнкүсүн −24… −26, күндүз −15… −17;
Бишкек шаарында түнкүсүн −11… −13, күндүз 0… −2.