Кадамжайда сел жүрүп, ички жолдор убактылуу жабылды

Бүгүн саат 14:30дар чамасында Кадамжайда катуу жааган жаандан улам сел жүрдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, мындан улам суу сел өтмөктөрүнөн ашып, Ак-Кыя – Жийделик жана Кызыл-Булак – Тамаша унаа жолдорунда кыймыл убактылуу токтотулду.

«Учурда жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар нөөмөттө иш алып барууда. Жамгыр басылып, селдин агымы басаңдары менен жолду тазалоо иштери жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.

5 Июнь 2026 жыл 17:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча