Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү.
Жарык саат 15:00дөн кийин өчө баштаган. Айрым райондордо жарык кайра күйгөнү кабарланса, кээлеринде дале өчүк бойдон калууда.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому кайсы райондордо жарык өчкөнүн жана жапырт өчүрүүнүн себептерин изилдеп жатканын билдирди.