Бишкек – Ош унаа жолунун 11 жерине таш түштү

Бишкек – Ош унаа жолунун 427+000 – 436+000-чакырым аралыктарына 11 жерден кум жана таш түштү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол эки тараптуу жабык.

«№38 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары жеринде жолду толук тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Унаа кыймылдын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер көзөмөлдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, тазалоо иштерине 3 жүктөгүч, 3 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 1 грейдер жана 1 манипулятор тартылган.

5 Июнь 2026 жыл 19:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча