«Кагаз иштери азаят”. Жакында жол инспекторлору электрондук протокол түзүүгө өтүшөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору электрондук протоколдорду түзүүгө өтүшөт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринен башкармалыктын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын алдына санариптештирүү боюнча милдеттерди койгон. Бул тапшырмалардын алкагында, башкармалыктын кызматкерлери протоколдорду планшеттерде толтура башташат.

«Кагаз иштери азаят. Бул норма октябрь айында күчүнө кирет деп болжолдоп жатабыз», — деп кошумчалады Айтикул уулу.

27 Август 2025 жыл 10:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча