Каналга түшүп кетип, изделип жаткан 3 жарандын баары табылды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда 30-декабрда Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кетип, изделип жаткан 3 жарандын баары табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

“Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасынын негизинде тартылган ӨКМ куткаруучуларынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында жарандар толук табылды.
2025-жылдын 30-декабрында аталган каналдан изделип жаткандардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 31-декабрь саат 09:50лөргө карата экинчи адамдын сөөгү ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылган. Ал эми бүгүн, 1-январь күнү куткаруучулар үчүнчү жарандын денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти”,-деп айтылат маалыматта.

1 Январь 2026 жыл 13:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча