“Кара кыргыз” сериалын көрсөтүү эмнеге токтотулду? Марат Тагаев жооп берди

УТРКда «Кара кыргыз» сериалын көрсөтүү Кинематография департаментинин чечими менен токтотулган. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңеште комитеттин жыйынында билдирди.

Ал көрсөтүүнүн токтотулушу мазмунга техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгынан улам болгонун түшүндүрдү.

«Көрүүчүлөр да, эксперттер да кадрлардагы техникалык кемчиликтерди белгилешти. Буга байланыштуу департамент комиссия түзүп, текшерүү жүргүздү. Түзөтүүлөрдөн кийин сериал УТРКда жана жеке каналдарда кайрадан көрсөтүлөт», — деп белгиледи Тагаев.

«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемесинин директору Эрмек Амантур уулу кошумчалагандай, сериал керектүү уруксатты алгандан кийин дароо көрсөтүлө баштайт.

19 Январь 2026 жыл 18:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча